Орусиянын Польшадагы элчисине гүл коюу учурунда кол салуу болду (видео)

Орусиянын Польшадагы элчиси Сергей Андреев Варшава шаарындагы советтик жоокерлердин аскердик мемориалдык көрүстөнүнө гүл коймокчу болгондо кол салууга кабылганын окуя болгон жерден ТАССтын кабарчысы билдирди.

Орусиянын элчиси, анын жубайы жана аны коштоп барган дипломаттар тобуна кызыл боёк чачылып, мемориалга бардырбай коюшту. Окуя болгон жерге бир нече мүнөттөн кийин келген полиция дипломаттарды курчоого алып, аларды унаага жеткирүүгө жардам беришкен.

Элчи көрүстөнгө Орусиянын желеги, дипломатиялык унаа менен барган. Унаадан түшкөндөн кийин аны мурда бул мемориалдык аянтка Украинанын желектери, кызыл боек менен боёлгон шейшептери жана анти-орусиялык ураандар менен чогулган агрессивдүү эл курчап алган. Полиция ошол учурда аянтта болгон эмес. Дипломаттар бир нече ондогон кадамдарды жасай алышкан, бирок чогулган эл аларга мындан ары басууга мүмкүнчүлүк берген эмес.