Москванын жанындагы Сергиев Посад шаарында, алдын ала маалыматтар боюнча, оптикалык-механикалык заводдо жарылуу болду.
Жарылуу тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар кызматы тастыктаган. Жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. ТАСС өзгөчө кызматтарга шилтеме берүү менен бул дрон соккусу эмес деп жазат.
Telegram-каналдардын маалыматы боюнча, атап айтканда, «База», Маш жана «112», жабыркагандар бар — онго жакын адам экенин жазды. Жабырлануучулар тууралуу азырынча расмий маалымат жок.