Орусиянын Тышкы иштер министрлиги: «Орусия тынчтыкка жана кан төгүүнү токтотууга даяр»

Орусия тынчтыкка жана кан төгүүнү токтотууга даяр. Бул тууралуу ТАСС Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, Орусия Киев сүйлөшүүлөргө сунуштаган шаарлардын тизмесин түшүнбөй жатат. Белгиленгендей, Орусия Федерациясы Украина менен «дипломатия тынчтыкты жакшы көрөт» форматында сүйлөшүүнү пландаган.

«Киев чечимдерди кабыл алууда эбегейсиз тышкы кысымга кабылууда. Демилитаризация жана деназификация маселелери Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүндө талкууланышы керек», — деди Андрей Руденко.

Мурдараак маалымдалгандай, Орусия Федерациясынын делегациясы Беларуста Украина менен сүйлөшүүлөрдү күтүп жатат, алар Гомель шаарына барышкан. Бирок Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган аймакта жолугушууга макул эмес.