Лос-Анжелесте «Оскар» киноакадемиясынын сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн жарыялоо боюнча 95-азем болуп өттү. Анда куудул Жимми Киммел үчүнчү жолу алып баруучулук кызматты аткарды.
— Эң мыкты тасма — «Все везде и сразу»
— Эң мыкты режиссёр — «Все везде и сразу» (режиссёрлук дуэт Даниел Кван жана Дэниел Шейнерт)
— Эң мыкты актёр — Брендан Фрейзер («Кит»)
— Эң мыкты актриса — Мишель Йео («Все везде и сразу»)
— Чет тилдеги эң мыкты тасма — «На Западном фронте без перемен» (Германия)
— Эң мыкты оригиналдуу сценарий — «Все везде и сразу»
— Эң мыкты анимациялык тасма — «Пиноккио Гильермо дель Торо»
— Эң мыкты монтаж — «Все везде и сразу» тасмасыныкы
— Экинчи пландагы эң мыкты актёр — Ке Хюи Куан («Все везде и сразу»)
— Экинчи пландагы эң мыкты актриса — Жейми Ли Кертис («Все везде и сразу»)
— Эң мыкты кыска метраждуу фантастикалык фильм — «Прощание по-ирландски»
— Эң мыкты оператордук иш — «На Западном фронте без перемен» (Жеймс Френд)
— Эң мыкты грим жана чач жасалга — «Кит» тасмасы
— Эң мыкты костюмдар — «Черная Пантера: Ваканда навеки»
— Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма — «Заклинатели слонов»
— Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма — «Мальчик, Крот, Лиса и Конь»
— Эң мыкты көркөм режиссёр — «На Западном фронте без перемен»
— Эң оригиналдуу саундтрек — «На Западном фронте без перемен» (композитор Фолькер Бертельман)
— Мыкты визуалдык эффекттер — «Аватар: путь воды»
— Эң мыкты адаптацияланган сценарий — «Говорят женщины» (Сара Полли)
— Эң мыкты үн — «Топ Ган: Мэверик»
— Эң мыкты ыр — «RRR: Рядом ревёт революция» тасмасындагы «Наату Наату» (Индия)
— Эң мыкты даректүү тасма – “Навальный”