Кечээ, 23-январда Америка киноакадемиясы 97-«Оскар» сыйлыгына талапкерлерди жарыялады. Бул тууралуу BBC жазды.
«Мыкты тасма» үчүн «Оскар» сыйлыгына ат салышчу тасмалар:
Шон Бейкердин «Анора»;
Брэди Корбеттин «Бруталист»;
Жак Одиардын «Эмилия Перес»;
Эдвард Бергердин «Конклав»;
Джеймс Мэнголддун «Эч кимге белгилүү эмес»;
Дени Вильнёвдун «Дюна 2»;
Вальтер Саллестин «Мен дагы эле бул жердемин»;
Корали Фарждын «Субстанция»;
Джон Чунун «Батыштын жезкемпир тууралуу жомогу»;
Рамелл Росстун «Никелден чыккан балдар».
«Биринчи пландагы мыкты актриса» үчүн «Оскар» сыйлыгына талапкерлер:
Деми Мур («Субстанция»),
Майки Мэдисон («Анора»),
Карла София Гаскон («Эмилия Перес»),
Синтия Эриво («Батыштын жезкемпир тууралуу жомогу»),
Фернанда Торрес («Мен дагы ушул жердемин»).
«Экинчи пландагы мыкты актер» наамына жарыштагылар:
Киран Калкин («Чыныгы оору»),
Юра Борисов («Анора»),
Эдвард Нортон («Эч кимге белгилүү эмес»),
Гай Пирс («Бруталист»),
Жереми Стронг «Шакирт. Трамптын көтөрүлүүсү».
Номинациялар өткөн аптада эле жарыяланышы керек болчу. Лос-Анжелестеги токой өрттөрүнөн улам кулактандыруу кийинкиге калтырылды. «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2-мартта Түндүк Америка чыгыш убактысы боюнча саат 19:00дө болот. Анын алып баруучусу америкалык белгилүү куудул Конан О’Брайен болот.