«Оскар» сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

Дүйнө жүзүнө белгилүү АКШнын «Оскар» киносыйлыгына ат салышкан талапкерлердин тизмеси айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул жолку сыйлыкта 23 номинация каралган. Анда «Мыкты көркөм фильм» номинациясына 8 тасма, ал эми калган номинациялар боюнча адаттагыдай 5тен талапкер көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 26-апрелде өтөт. Анда сыйлыкка тандоо 7 миңден ашуун мүчөсү бар 17 гильдиядан турган Америка киноакадемиясы тарабынан жүргүзүлүп, ар бири өздөрүнүн багытына жараша номинацияларга добуш берет.