Өткөн кылымдын саясатчысы Уинстон Черчиллдин сүрөтү 11,5 миллион долларга сатылды

Дүйнө элине белгилүү актриса Анжелина Жоли Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Уинстон Черчилль тарткан Марокко мамлекетинин Марракеш шаарындагы Аль-Кутубия мечитинин XII кылымдагы көрүнүшү чагылдырылган сүрөттү 11,5 миллион долларга сатканын «Christie’s» аукцион үйү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Черчилль 1943-жылы тарткан бул сүрөтүн АКШнын экс-президенти Франклин Рузвельтке белек кылган. Сүрөт Рузвельттен анын уулу, учкуч Эллиот Рузвельтке мураска калган. Кийинчерээк сүрөт колдон-колго өтүп, ар кандай көргөзмөлөргө коюлуп, 2011-жылы Жолинин үй-бүлөсү сатып алган.

Сүрөт башталышта 2,5 миллион долларга бааланган. Улам көтөрүлүп отуруп, акыры 11,5 миллион долларга токтогон. Бирок сүрөттү бул суммага сатып алган адамдын аты-жөнү айтылган эмес.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын айтымында, Черчиллдин бул эмгеги Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда тарткан жалгыз сүрөтү болгон.