«Өтө тез жайылат». Вьетнамда коронавирустун аргындашкан жаңы түрү аныкталды

Медицина эксперттери Вьетнамда коронавирустун жаңы түрүн аныкташты. Ал британиялык жана индиялык штаммдардын гибриди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Нгуен Тхань Лонг билдирди. 

«Жакында ооруп жаткан бейтаптарда гендердин секвенциясын жүргүзгөндөн кийин биз Индия менен Улуу Британиянын штаммдарынын аралашмасынан турган жаңы түрүн таптык», — деди министр. Анын айтымында, бул коронавирустун Индияда чыккан түрү, бирок анда британ штаммына таандык мутация бар. Министр коронавирустун бул түрү аба аркылуу тез жайыларын белгилеген. Азыр Вьетнам коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүп жатат.

Учурда Вьетнамда коронавирустун жети түрү бар. Акыркы сутка ичинде ал жерде 40 киши коронавирус жуктуруп алган деп катталды. Салыштыруу үчүн: 1-майда өлкөдө 14 гана адамдан коронавирус аныкталган болчу.