«Өз алдынча издеп, таппай койгонун айткан». Казакстанда 7 жаштагы кыздын өлүмүнө апасы шектелип жатат

Казакстанда 2015-жылы туулган Милана Давыдованын белгисиз жоголгон жагдайы жана себептери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектеп апасын жана кылмыштын изин жашырып жүргөн анын таанышын кармашкан. Кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышкан.

«Сотко чейинки тергөө иштери башталды. Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — дешти полициядан.

Кыз 3 күндөн бери изделип жаткан. Ал 17-ноябрда Павлодар районунун Бескауга айылында жоголуп кеткени маалымдалган. Эненин айтымында, ымыркайды өз алдынча издөөдөн майнап чыкпаган соң полицияга кайрылган. 19-ноябрда жети жаштагы Милананын жансыз денеси табылды.