Өзбек актрисасы сахнага ачык кийинип чыкканы үчүн сынга кабылды

Өзбекстанда актриса жана алып баруучу Нилуфар Хамидова «Өзбекконцерт» театрынан сахнада ачык кийингени үчүн расмий эскертүү алганын Podrobno.uz сайты жазды. 

Чиновниктердин айтымында, актриса Орусиядагы гастролдо «Миллион» чыгармачыл тобунун концертине барган. Концерттен кийин «Өзбекконцерттин» жооптуу кызматкерлери Хамидова менен катуу баарлашкан. “Миллион” чыгармачыл тобунун жетекчиси менен да олуттуу маек болуп, анда актрисаны программанын кийинки чыгарылыштарына тартпоо маселеси көтөрүлгөн.