Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасында ок атылып, Өзбекстандын аскер кызматкери көз жумду. Бул маалыматты Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Наманганда шайлоочулар менен жолукканда билдирген.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, окуя 26-сентябрда болгон. Ооганстандан баңги каражаттарын Өзбекстандын аймагына алып кирүүгө аракет кылган адамга каршы аракеттер көрүлгөн. Президенттин айтымында, милдетин аткарып жатып көз жумган аскер кызматкери — Намангандын кулуну.