Өзбек-ооган чек арасында ок атылып, аскер кызматкери каза болду

Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасында ок атылып, Өзбекстандын аскер кызматкери көз жумду. Бул маалыматты Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Наманганда шайлоочулар менен жолукканда билдирген.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, окуя 26-сентябрда болгон. Ооганстандан баңги каражаттарын Өзбекстандын аймагына алып кирүүгө аракет кылган адамга каршы аракеттер көрүлгөн. Президенттин айтымында, милдетин аткарып жатып көз жумган аскер кызматкери — Намангандын кулуну.