Өзбек ырчысы 16 жаштагы окуучуну зордуктоого шектелип кармалды

“Вай-вай”, “Аваз” деген чыгармалары менен белгилүү болгон өзбек ырчысы Жасур Умиров өспүрүм кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ырчы 16 жаштагы окуучуну зордуктоо фактысы менен кармалып, камакка алынган. Ага «18 жашка чыга элек өспүрүмдү атайылап зордуктоо» беренеси менен айып тагылып, 5-январда Самарканд облустук прокуратурасы облустук сотко өткөрүп берген. Аталган берененин негизинде ырчы 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.