Өзбекстандын мектепке чейинки билим берүү министринин орун басары Сардор Раджабов “Өзбекстан 24” телеканалына берген маегинде өлкөдө 12 жылдык жалпы билим берүү системасына өтүүгө даярдыктар башталганын билдирди.
«12 жылдык билим берүүгө өткөрүү милдети коюлду», — деди министрдин орун басары.
Раджабов бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле абитуриенттердин чет өлкөлүк ЖОЖдорго кирүүсүнө болгон тоскоолдуктарды жоюуга тийиш экенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө биздин бүтүрүүчүлөр чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшырып жатканда бир жылдык фундаменталдык курстардан өтүүгө аргасыз болуп, бир жылын жоготуп жатат. Эгерде 12 жылдык системаны мыйзамдарга киргизсек, анда бир катар мамлекеттердеги бүтүрүүчүлөрүбүзгө foundation кереги жок болуп, алар түздөн-түз бакалавриатка тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”, — деп белгиледи министрдин орун басары.












