Өзбекстан 3-декабрдан 10-январга чейин бир катар өлкөлөр менен аба каттамдарын токтотот

Өзбекстанда ушул жылдын 3-декабрынан 2022-жылдын 10-январына чейин дүйнөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бир катар өлкөлөр менен эл аралык каттамдары токтотулат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Түштүк Африка, Ботсвана, Намибия, Зимбабве, Мозамбик, Мадагаскар, Лесото, Эсватини, Танзания жана Гонконгдон эл аралык каттамдар (республикага кирүүчү, чыгуучу жана транзиттик каттамдар) токтотулду. Аталган мамлекеттердин жарандарына жана бул өлкөлөрдө туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле акыркы 14 күн ичинде бул өлкөлөрдө болгон үчүнчү өлкөнүн жарандарына Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынат. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү министрликтер менен ведомстволор бул мамлекеттердеги учурдагы эпидемиологиялык абалга таянып, эл аралык каттамдарды акырындык менен калыбына келтирүү боюнча сунуштарды киргизе турганын белгиледи.