Өзбекстан эки жылдын ичинде толугу менен латын алфавитине өтөт

Өзбекстан эки жылдын ичинде толугу менен латын алфавитине өтөт. Өзбек бийлиги расмий документтерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын кириллицадан латын алфавитине өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтом 2023-жылдын январь айынан тартып күчүнө кирет.

Өзбекстанда латын алфавитине өтүү 1993-жылдан бери каралып келген. Бирок пландар ар түрдүү себептер менен ишке ашкан эмес. Ал эми 2020-жылдын октябрь айында өзбек президенти Шавкат Мирзийоев өкмөткө үч айлык мөөнөт менен жумушчу топ түзүп, латын алфавитине өтүү боюнча иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Февраль айында план толугу менен бүтүп, өкмөт тарабынан бекитилген.