Өзбекстан ханайымы бешбармак даярдап жаткандагы сүрөтү тарады

Өзбекстандын президентинин кичүү кызы Шахноза Мирзийойева соцтармактагы баракчасына апасы Зироатхон Хошимованын норин тамагын даярдап жаткан сүрөттү жарыялады.

Нарын (өзбек тилинде норин) — бул түрк тилдүү өлкөлөрдөгү эт жана камырдан турган улуттук тамак. Кыргызстанда бешбармак дешет, бирок айрым аймактарда аталган тамакты нарын деп да айтышат.