Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комиссиянын чечими менен учурдагы карантиндик чектөөлөр күчөтүлүп, кошумча карантиндик чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-июндан 12-июлга чейин «шашылыш муктаждык болбогон учурда» транспорттук каражаттар (унаалар жана автобустар) менен Ташкентке коңшу региондордон кирүүгө чектөөлөр киргизилген. Мындан тышкары, 28-июндан баштап, республика боюнча бардык көңүл ачуучу жайлар (ресторандар, түнкү клубдар, караоке, бильярд жана коомдук тамактануу пункттары — кафелер, ашканалар жана чайканалар) график боюнча саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштешет. «Ошол эле учурда, бул мекемелерге келгендердин саны жалпы сыйымдуулуктун 50 пайызынан ашпашы керек», — деп айтылат билдирүүдө.