Өзбекстан коронавирустук абалдын курчушуна байланыштуу чектөөлөрдү күчөтөт

Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комиссиянын чечими менен учурдагы карантиндик чектөөлөр күчөтүлүп, кошумча карантиндик чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июндан 12-июлга чейин «шашылыш муктаждык болбогон учурда» транспорттук каражаттар (унаалар жана автобустар) менен Ташкентке коңшу региондордон кирүүгө чектөөлөр киргизилген. Мындан тышкары, 28-июндан баштап, республика боюнча бардык көңүл ачуучу жайлар (ресторандар, түнкү клубдар, караоке, бильярд жана коомдук тамактануу пункттары — кафелер, ашканалар жана чайканалар) график боюнча саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштешет. «Ошол эле учурда, бул мекемелерге келгендердин саны жалпы сыйымдуулуктун 50 пайызынан ашпашы керек», — деп айтылат билдирүүдө.