Өзбекстан өлкөгө киргендер үчүн коронавируска байланыштуу бардык чектөөлөрдү алып салды

Өзбекстан өлкөгө киргендер үчүн коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына таянуу менен Podrobno.uz жазды.

Мындан ары саякатчылардан ПЦР-тест же эмдөө сертификаты талап кылынбай турганы белгиленет. 10-июндан тарта аба, чек ара темир жол бекеттери жана чек ара бекеттери туристтик максатта кирүүгө коюлган чектөөлөр алынып салынды.

Буга чейин Казакстан 8-июндан тарта чек арадан өтүүдө ПЦР-тесттин же эмдөө паспортун көрсөтүү талабын жокко чыгарган.