Өзбекстан «Twitter», «TikTok» жана «ВКонтакте» компанияларынын ишин чектеди

Өзбекстандын көзөмөл органдары жеке маалыматтар боюнча мыйзамды бузгандыгына байланыштуу «Twitter», «TikTok» жана «ВКонтакте» социалдык тармактарынын ишин чектегенин 2-июлда Маалыматташтыруу жана телекоммуникация боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, колдонуучулар “Twitter”, “TikTok” жана “ВКонтакте” үзгүлтүк менен иштеп жатканын айтып даттанышкан. Медиафайлдар өтө жай жүктөлүп, айрым учурда такыр эле иштебей калууда. Skype дагы иштебей калды дешет колдонуучулар. «Өзбекстан Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууда мыйзамдык талаптардын бузулушуна байланыштуу бир катар социалдык тармактарды колдонууга чектөө киргизилди», — деп айтылат Узкомнадзордун Телеграм-каналында.

Жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев “TikTok” колдонуучуларын мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы Амир Темирдин (Тамерлан) жана акын Алишер Навоинин тарыхый эстеликтерин мазактады деп сынга алганы бар.

Коңшу өлкөдөгү чектөөдөн улам, Кыргызстанда да айрым интернет колдонуучулар, анын ичинде кээ бир атактуулар да «TikTok» тиркемесине тыюу салынышы керектигин билдирип жатышат. Алардын жазганына караганда, аталган сервисте жаш муундун тарбиясына терс таасирин тийгизген видеолор бар.