Өзбекстан Түркиядан калемпир менен помидорду алып келүүгө тыюу салды

Өзбекстан мамлекети Түркиядан эми калемпир менен помидорду алып келүүгө тыюу салды. Бул тууралуу аймактык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын мындай чечимине Түркиядан келген аталган жашылчалардан вирустун табылгандыгына байланыштуу болгон.

«Уздавкарантин» инспекциясы тарабынан Түркиянын Бурса аймагынан алынып келинген 85 кг помидордун уруктарынан «күрөң бырыш вирусу» табылды»,- деп берилет маалыматта.

Мындан улам Өзбекстан Түркиядан келчү помидор менен калемпирди жана анын уруктарына бөгөт койгон.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул боюнча Түркиянын тийиштүү органдары Өзбек тарапка үн ката элек.