Өзбекстан унаа чыгаруу боюнча Орусияны ашып өткөн

Өзбекстан автоунаа чыгаруу боюнча Орусиядан ашып өттү. Улуттук өнөр жай маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын үч айында, апрелден июнь айына чейин Өзбекстанда жеңил унаалар Орусияга караганда көбүрөөк чыгарылган.

Маалыматка караганда, июнь айында өндүрүш көлөмү боюнча Өзбекстан Орусияны 20,4 миң автоунаа менен ашып өткөн. Өзбекстан 34 миң, ал эми Орусия 13,6 миң унаа чыгарган.

2022-жылдын июнь айында Орусияда жаңы жеңил унааларды жана коммерциялык унааларды сатуунун төмөндөшү катталган.