Өзбекстанда 1-апрелден тарта карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт

Өзбекстанда 1-апрелден тарта карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү чечими кабыл алынды. Бул үчүн өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү комиссиясы атайын алгоритм иштеп чыккан.

Документке ылайык, 1-апрелден тарта Өзбекстанда 100дөн ашык адамга той же башка маараке өткөрүүгө чектөө киргизилет. Катышкандар карантин эрежелерин толук сактоого милдеттүү.

Театр, кинотеатр жана концерттик залдарга 50 пайызга чейин гана көрүүчү киргизилет. Алардан аралыкты сактап, беткапчан жүрүүсү талап кылынат.

Башка өлкөлөрдөгү эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен, бийлик өзбекстандыктарды жеке жоопкерчиликти арттырууга чакырган.