Өзбекстанда 12 жаштан жогорку балдар коронавируска каршы эмделет

Өзбекстанда 12 жаштан жогорку балдарды коронавируска каршы эмдөөгө уруксат берилгенин аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Эми 12 жана андан улуу балдар Pfizer вакцинасын өз ыктыяры менен ала алышат. Маалыматка караганда, мындай чечим мамлекеттик Башкы санитардык дарыгер жана Өзбекстандын улуттук техникалык иммунологиялык экспертизасы тарабынан жактырылган. Жашы жете электерге ата-энесинин же камкорчусунун макулдугу менен гана эмдөө жүргүзүлөт. Балдар тиешелүү медициналык кароодон өтүшү керек. Өлкөгө 13-сентябрда 1,2 миллион доза Pfizer вакцинасы алып келинген.