Өзбекстанда 22 жаштагы кызды поезд тебелеп кеткен. Анын денеси экиге бөлүнүп калган

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда 22 жаштагы кыз поезддин алдында калып көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 24-майда болжол менен саат 13:30 чамасында болгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркум электропоездге капысынан урунуп, окуя болгон жерде көз жумганы айтылды. Кийин анын аты-жөнү такталып, Хаваст районундагы Гүлбахар айылынын 1999-жылы туулган тургуну экени белгилүү болду. Аны поезд экиге бөлүп кеткен. Учурда тергөө уланып жатат.