Ташкент облусунун Янгийул районунда 5 адамдан турган үй-бүлөнү атайылап өлтүрүү фактысы иликтенүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.
26-июль күнү эртең менен өзгөчө кырдаалдар кызматына үйлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүргөндөн кийин үйдөн зомбулуктан каза болгон 5 адамдын жансыз денеси табылган. Алар 33 жаштагы эркек, 25 жаштагы аял жана 6, 3, 2 жаштагы балдар.
Кылмышка шектүү катары үй-бүлө башчысынын тууганы 29 жаштагы жигит кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш карыздан улам чыккан. Тергөө уланууда.