Өзбекстанда 6 жашар бала 25 метрлик кудукка түшүп, 1 суткада куткарылды

Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда 6 жашар бала 25 метр тереңдиктеги артезиан суу чыкчу кудукка түшүп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

12-июнь күнү Лангар айылынын тургуну 6 жашар баласы терең кудукка түшүп кеткенин айтып Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылган. Кудуктун диаметри 200 миллиметр болгондуктан, экскаватор, грейдер жана башка техникалар тартылып, баланы бүгүн алып чыгышты. 1 суткадай жер астында жаткан балага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда абалы туруктуу экендиги маалымдалат.