Кечээ, 13-июлда Өзгидромет айрым аймактарда абанын суткалык температурасы +47 градуска чейин көтөрүлөрү тууралуу шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 17-22-июль күндөрү Ирандын аймактарынан Түркмөнстан аркылуу Өзбекстандын аймагына ысык абаны чыгаруу күчөйт. Буга байланыштуу абанын температурасы күндүз жогорулайт:
- Каракалпакстан Республикасы, Хорезм, Бухара, Навои, Кашкадарья, Сурхандарья облустарында +44…+47 градуска чейин;
- Ташкент, Самарканд, Жизак, Сырдарыя облустарында +42…+45 градуска чейин;
- Фергана өрөөнүнүн үч аймагында +41…+43 градуска чейин ысыйт.