Өзбекстанда арстан наристеге жана анын апасына тиш салган

7-апрелде Ташкент облусунда менчик үйдөн табылган кичинекей африкалык арстан үч жашар балага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиш салган. Бул тууралуу жабырлануучулардын маалыматына таянуу менен “Khalq dardi” Telegram каналы билдирди.

Жырткыч биринчи кичинекей балага тиш салып, кийин уулун куткарууга аракет кылганда апасын да тиштеп алган. Бала оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ташкент облустук экология жана айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын кызматкерлери жырткыч кармалган үйгө барышкан. Анын ээси 18 жаштагы жигит жаныбарды алып келүүгө жана кармоого уруксат берген керектүү документтерди көрсөтө албай, арстандын баласын кызыгып бакканын айткан. Арстанды кармашып, ээсине тийиштүү документтер толтурулган.