Өзбекстанда артка жылып бара жаткан унааны токтотууга аракет кылган кароолчу интернетти «жарды»

Өзбекстанда артка кетип бара жаткан унааны токтотууга аракет кылган унаа токтотуучу жайдын кароолчусу социалдык тармактардын каарманына айланды. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Өзбекстандагы унаа токтотуучу жайлардын бириндеги күлкүлүү видео социалдык тармактарга тарап кетти. Кароолчу жүк ташуучу унаанын акырын артка жылып баратканын көрүп, чуркап келип, аны түртүп турган. Ал эми экинчи тараптан дагы эки адам унааны түртүүгө аракет кылышкан.

Эки жаран унааны токтотуучу жайдан түртүп чыгарууга аракет кылышса, арттагы кароолчу, тескерисинче, артка түртүүгө аракет кылганы белгилүү болгон. Ошол эле маалда эки тарап бири-бирин көрүшпөй, эмне үчүн унаа туура чыкпай жатканына таң калышкан. Тилекке каршы окуянын эмне менен аяктаганы боюнча видео жок.