Өзбекстанда аскердик тик учак кулап, экипаж каза болду

17-ноябрда саат 20:15те Каттакурган полигонунда Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн жана Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын Ми-8 тик учагы машыгуу учуусун аткарып жатканда кулап түшкөн.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен тик учактын экипажы каза болгон. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Каттакурган полигону Өзбекстандагы эң ири аскердик полигон болуп саналат.