Өзбекстанда атасы уулун арматура менен чаап өлтүргөн

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда атасы уулун арматура менен чаап өлтүрдү. Киши мас абалында болгон. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, Чиракчи районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 25-августта Тарагай махалласында киши өлтүрүү фактысы катталгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген тергөө тобу жагдайларды иликтеп, 25-августка караган түнү атасы үйүнө келип, спирт ичимдигин ичкени аныкталган. Натыйжада ал уулу менен урушуп кеткен, ал да мас абалында болгон. Жаңжал учурунда атасы уулун арматура менен чаап, денесине оор залал келтирген.

Жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.