Өзбекстанда аткаминерлер балдар үйүндөгү кыздарды зордуктап жүргөн окуя. Шектүүлөр 3 жылга эркинен ажыратылды

Өзбекстанда апелляциялык сот балдар үйүнүн тарбиялануучуларын зордуктоо иши боюнча мурдагы аткаминерлерди буга чейинки 1,5 жыл эркиндигин чектөөнүн ордуна, эски беренелер боюнча эң жогорку жазага — 3 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Озодлик билдирди.

2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын облустарынын биринде сот отуруму болуп, анда жергиликтүү балдар үйүнүн башчысына, облустук юстиция башкармалыгынын башчысына жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына козголгон иш каралган

«Аткаминерлер балдар үйүнүн жашы жете элек кыздарын зордуктап жүргөн. Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси шериктик кылган. Үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө мамлекеттин камкордугуна алынган кыздар катуу жазага тартылып, тамак-ашынан ажыратылып, чоң кишилер менен жыныстык катнашка барууга мажбурланган», — деп айтылган билдирүүдө.

ЖМКлардын жазганына караганда, кыздар балдар үйүндө, башка жерлерде, юстиция башкармалыгынын жетекчисинин кызматтык батиринде «кызмат» көрсөтүүгө аргасыз болушкан. Бул окуя 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланып, коомчулукка эми гана жарыяланып жатат. Факты мурда эле белгилүү болгон жана аткаминерлердин соту жабык өткөн. Айыпталуучулар сотто кыздар интимге өз каалоос менен барганын, аларды эч ким кыйнабаганын айтышкан. Соттун чечими менен 1,5 жылга үй камагына алынган. Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси 5 жылга кесилген.