Өзбекстанда аял күйөөсүнүн ойношун сабап, жылаңачтап тартып, видеону таратып салган

Кашкадарыя облусунда аял күйөөсүнүн ойношун сабап, чечинтип, видеону социалдык тармактарга тараткан. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 16-апрелде Карши шаарында болгон. 33 жаштагы аял жакындары менен күйөөсүнүн 30 жаштагы ойношу жашаган ижарага алынган батирге барган. Чатак чыгарып, аялды сабап, чечинтип, болгон нерсенин баарын видеого тартып алган.

Андан соң видео социалдык тармактарга жарыяланган. Эң кызыгы бул окуя болуп жатканда күйөөсү да болгон, бирок ал окуяга аралашкан эмес. 

Кошуналарынын айтымында, ойноштун айынан эркек киши үй-бүлөсүн таштап кеткендиктен, аялы мындай кадамга барууга аргасыз болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.