Өзбекстанда аялын кетмен менен сабаган жаранга иш козголду

Өзбекстандын Наманган облусунда күйөөсү аялын байлап алып, кетмендин сабы сынып кеткиче сабаган. Мындай маалымат соцтармактарга тарады.

Жергиликтүү ЖМКлар билдиргендей, түгөйлөр 9 жыл бирге жашашкан, бирок балалуу болушкан эмес. Ушул себептен ортолорунда уруш чыгып турган. Азыр аял дарыланып, үйүнө чыгып келгени айтылат. Күйөөсүнө карата «атайылап денеге жеңил жаракат жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.