Өзбекстанда аюу зоопарктын кызматкерин өлтүрдү (видео)

Анжиян зоопаркынын кызматкерине аюу кол салганын Өзбекстандын Анжиян облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 3-январь күнү саат 16:00дө болгон. Зоопарктын кызматкери аюунун короосуна аны тамактандыруу үчүн кирген. Жаныбар аны басып, мойнунан тиштеп салган. Алган оор жаракаттарынан улам адам окуя болгон жерде каза болгон.

Gazeta.uz билдиргендей, ушул эле зоопаркта 2018-жылдын декабрь айында кароолчу эки арстандын кол салуусунан каза болгон. Ал кезде зоопарк расмий түрдө ачыла элек болчу.