Социалдык тармактарда Ташкенттеги менчик бала бакчада тартылган видео тарады. Анда тарбиячынын скотч колдонуп, баланы отургучка жабыштырганын көрүүгө болот. Ал ошол эле күнү жумуштан бошотулган.
Интернет колдонуучулардын айтымында, бул окуя Юнусабад районундагы бала бакчада болгон. Тамак ичүүдөн баш тарткан балдар дал ушундай окуяга дуушар болушкан.
Баланын ата-энеси баары жөнгө салынганын билдирген. Алардын айтымында, окуя 21-февралда болгон.
Бала бакчанын жетекчиси видеолорду көргөндөн кийин дароо чара көргөн. Эки тарбиячы тең берене менен иштен алынган. Ал эми балдар менен психологдор иш алып барып жатышат.