Өзбекстанда укук коргоо кызматкерлери балдарын сатууга аракет кылган эки аялды кармашты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Биринчи окуя Ташкентте болгон. 28 жаштагы эне 15-июнда төрөлгөн баласын 35 миң долларга сатууга аракет кылган. Ал ымыркайды сатууга жардам берүүнү каалаган төрөт үйүнүн дарыгери менен кошо кармалган.
Экинчи учур Сырдарыя облусунда катталган. Маалыматка ылайык, 29 жаштагы келин төрт жашар уулун 16 миң долларга саткысы келген. Учурда эки факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.