Өзбекстанда бетти жапкан кийимди кийүүгө тыюу салынды

Өзбекстанда коомдук жайларда бетти жапкан же бетинен таанууга оор болгон кийимди кийүүгө тыюу салуу каралган мыйзамга толуктоолор кабыл алынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Коңшу өлкөнүн парламентинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, административдик жана кылмыш кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган. Депутаттар ошондой эле аялдар менен эркектердин тең укуктуу экендигин четке каккандыгы үчүн жаза каралган мыйзамды жактырышты.