Үч өзбекстандык телефонду алууга аракет кылып, ажатканада каза болгон. Мындай окуя өлкөдө биринчи жолу болуп жаткан жок. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, каргашалуу окуя 27-апрелде Сырдарыя облусунун Файзлиобод махалласында болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, үйдүн ээси телефонун короодо жайгашкан дааратканага түшүрүп алган. Андан соң атасы менен инисин жардамга чакырган. Алар дааратканага түшүп, эсин жоготуп, каза болушкан. Сыягы, адамдардын өлүмүнө фекалдык газдын аралашмасы менен дем алган абадагы кычкылтектин жетишсиздигинен асфиксия себеп болгон.
Белгилей кетсек, ушундай эле окуя 2017-жылдын июль айында Наманган облусунун Янгикурган районунда болгон. Жергиликтүү аял ажатканадагы чуңкурга түшүп кеткен уюлдук телефонду алып чыгуу үчүн эки жумушчу жалдаган. Ал жакка биринин артынан бири түшүп, экөө тең каза болгон.