Өзбекстан дыйкан 13 жыл бою таза суу менен чарбасын сугарып жүргөнү үчүн 3 жылга соттолду. Бул тууралуу «Газета.uz» жазды.
Кашкадарыя облусуна караштуу Нишан райондук соту Балхияк айылынын тургунун 3 жылга эркинен ажыратты. Ал 13 жыл бою таза суу менен чарбасын мыйзамсыз сугарып жүргөн. Дыйкан 283 миң сумдай (23 миң доллардын тегереги) айып пул төлөөгө да милдеттендирилди.
2010-жылы дыйкан фермердик чарба түзүп, аны таза суулуу магистралдык куурга мыйзамсыз кошуп алган. Анын таза сууну сугарууга мыйзамсыз колдонуп жүргөнү рейд учурунда аныкталган.