Өзбекстанда коронавируска каршы эмделбеген жарандарды жазалай башташты. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 26 миңден ашуун адам вакцинаны албаганы үчүн жумушунан убактылуу четтетилген. Бул статистика август айынан баштап катталган.
Санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери мамлекеттик жана менчик субъекттерде 27,9 миңден ашык текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында вируска каршы эмдөөдөн өтпөгөн 50 миң жумушчу аныкталган. 2225 учурда иш берүүчүлөр айып пул төлөшү керек болчу. 175 объект өз ишин убактылуу токтотту. Бир күн мурда Ташкент облусунда эле 3200дөн ашык эмдөөдөн өтпөгөн жарандар жумуштан четтетилгени белгилүү болгон. Ушул жылдын август айында Өзбекстандын башчысы эмдөөдөн баш тарткан кызматкерди жумуш берүүчүгө ишке киргизбөө укугун берген мыйзамга кол койгон.












