Өзбекстанда эне 11 жаштагы кызы жана 5 жаштагы уулу менен иске ууланып көз жумду

29-октябрга караган түнү Самарканд облусунун Ургут районунда аял жашы жете элек эки баласы менен иске ууланып көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, дал ошол күнү үйгө аялдын курбусу барган. Ал үйгө киргенде эс-учун жоготуп жерде жаткан аял менен анын үч баласын көргөн. Аларды жакынкы ооруканага жеткиришкен. Уулануунун кесепетинен аял жана анын 11 жаштагы кызы менен 5 жаштагы баласы каза болгон. 9 жаштагы баласы оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.