Өзбекстанда эркектер эл көзүнчө айдоочуну бычактап кетишкен

Өзбекстандын Ургенч шаарында 8 киши унаада отурган айдоочуга барып, эл көзүнчө бычактап кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Аталган окуя боюнча 2-июнда катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында 8 адам тең кармалып, бир шектүүгө карата «Атайлап өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ачылган. Ал эми калган жетөөнө бейбаштык боюнча иш козголгон.