Өзбекстанда индиялык компаниянын дарысын ичкен 65 бала каза болгон

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясынын дарысын ичкен 65 бала каза болгон. Бул тууралуу Doc-1 Max суюк дарысынан каза болгондор боюнча кылмыш ишинин айыптоо корутундусунан келип чыкканын Жогорку Соттон маалымдашты.

Бийлик өкүлдөрү билдирген акыркы өлүмдөрдүн саны — 20 бала болгон. Январь айынан бери бери каза болгондордун саны айтыла элек болчу. 

Декабрдын аягында Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Doc-1 Max дарысын ичкенден кийин балдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун жана импорттоочу Quramax Medical компаниясы менен Дары-дармектерди стандартташтыруу илимий борборунун кызматкерлери кармалганын билдирген. Ошол эле маалда Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттиги аталган дарыны сатууну токтоткон.