Каракалпакстанда үй-бүлөнүн 4 мүчөсү жана алардын үйүнө келген коногу иске ууланып каза болушту. Бул тууралуу Каракалпакстан прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя 6-март күнү түштөн кийин Турткуль районунун Янгиабад айылында болгон. Каза болгондор мештен чыккан иске ууланышкан.
Маалыматка караганда, үй-бүлө башчысы жана анын 2003-2010-жылы туулган эки кызы, 2005-жылы туулган уулу, ошондой эле алардын үйүнө конокко келген жаран көз жумган.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.