Самарканд облусунун Акдарыя районунун кылмыш соту жаңы төрөлгөн баласын 50 миллион сумга (364 миң сомдун тегереги) сатууга аракет кылган аялдын ишин карады. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.
Соттолуучу 50 миллион сум алып, төрөт үйүнөн чыгып жаткан жеринен кармалган. Аял бала төрөлө электе эле кардар менен сатууну талкуулаган.
Иштин материалдарына ылайык, ажырашкан аял жигит менен сүйлөшүп жүрүп, боюнда болуп калган. Кош бойлуу болгондугун жакындарынан жашыруу үчүн баланы башка аялга сатууну чечип, ал кош бойлуу кезинде аны баккан аялга баланы бермек болгон. Анын үстүнө 50 миллион сум деп ымыркайга бааны апасы өзү койгон. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренесинде (адам сатуу) кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.