Өзбекстандын Фергана облусунда жаран аялын өлтүргөн деп айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Uznews.uz облустук соттун басма сөз кызматына таянуу менен жазды.
Ал түшүндө аялы көзүнө чөп салып жатканын көрүп, 13 жолу бычак сайган. Уйкудан чочуган абалда ойгонуп, жаздыгынын астында жаткан бычакты алып, уктап жаткан аялына 13 жолу бычак сайган. Түшү экенин аңдаган соң, Тез жардам чакырган. Дарыгерлер аялды сактап кала алышкан эмес.