Өзбекстанда келин эмчектеги баласын аёосуз сабаган видео тарады

Аялдын баланы денесинин ар кайсы жерине уруп, силкип, сабаган видео жарыяланды. Өзбек ЖМКлары жазып чыккан маалыматтарга караганда, окуя Самарканд облусунда болгон.

Керебетте отурган аял баланы далыга чаап, аны оодарып, силкип, анан дененин ар кайсы жерлерине катуу урууну улантат.

Видео болжолдуу оорукананын палатасында тартылган. Мындай кадамга келин баласынын уктабай жатканынан улам барган делүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирген. Баланын сабалгандан кийинки абалы айтыла элек.